АКШда бир жарым жылда 175 миңден ашуун виза жокко чыгарылды
КШ президенти Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүнүн алгачкы 18 айында 175 миңден ашуун америкалык виза жокко чыгарылды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенин Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, визалардын көбү ар кандай кылмыштарга, анын ичинде кол салуу, мас абалында унаа айдоо, уурулук жана баңгизатка байланышкан мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган. Ошондой эле кооптуу айдоо, сексуалдык зомбулук, балдарга карата зомбулук жана алдамчылык фактылары да себеп болгон.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Жо Байдендин администрациясы 40 миңге жакын визаны жокко чыгарган. Бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылындагы көрсөткүчтөн кыйла аз.