Ак-Суу районунда “Улуттук нарк-улуттун жүзү” аттуу форум болуп өттү

 Ак-Суу районунда “Улуттук нарк-улуттун жүзү” аттуу форум болуп өттү
18-май күнү Ак-Суу райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Ак-Суу районунда “Улуттук нарк-улуттун жүзү” аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Райондук маданият үйүнүн алдында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, мындан сырткары райондук китепкана тарабынан “Улуттук нарк” жөнүндө көргөзмө уюштурулду.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ак-Суу районунун жетекчилиги, Каракол шаар жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, коомдук уюмдар, район тургундары катышышты.
Райондук ардагерлер кеӊешинин төрагасы “Улуттук нарк-улуттун жүзү”, Теплоключенка айыл аймагынын аялдар кеӊешинин төрайымы “Нарк улут уӊгусу”, жаштардын атынан Тепке айыл өкмөтүнүн Касымалы Жантөшев атындагы орто мектебинин окуучусу “Улуттук нарк окуучулардын көз карашында” темасында доклад окулуп, талкууланып, жыйынтыгында эстафета Каракол шаарына өткөрүлүп берилди.
Иш чара акын, манасчылар жана “Боз-Салкын” элдик ыр-бий ансамблинин, райондук балдар музыкалык мектебинин, “Кереге-Таш Устат-Шакирт” ансамблинин концерттик программасы менен коштолду.

Связанный пост