Ак-Кыя айылында 8 жыл мурун курулуп башталган мектеп пайдаланууга берилди
Бүгүн, 19-октябрда Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.
Аталган мектептин 150 орундуу, типтүү имараты Президенттин курулушу көпкө созулган социалдык обьектилерди бүткөрүү иш-аракетинин натыйжасында бүткөрүлүп, ишке кирди.
Белгилей кетсек, мектептин 1953-жылы курулган мурдагы имараты 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген. 2015-жылы жаңы мектептин курулуш иши башталып, каражат толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш дээрлик 8 жылга созулган. Быйыл жетпеген каражаты каржыланып, республикалык бюджеттен 52 миллион сомго курулуп бүттү. Курулуш ишин “Имарат Строй” ишканасы жүргүздү.
Билим уясынын ачылыш аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров катышып, мектеп имараты акжолтой болуусун тилек кылды. Ошондой эле мектептеги окуу процессинен кабар алып, билим сапатын көтөрүү боюнча милдеттерди койду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.