Айыл чарба министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычы тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, бул 44 даана кызматтык автоунаанын баасы 92,6 млн сом.  Мамлекеттин өз каражатына сатып алынган бул кызматтык автоунаалар министрликтин Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине берилет.

Анда сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатта агрардык тармак – реалдуу сектордун башында тураарын, анын башкы кыймылдаткыч күчү экенин билдирди.

“Агрардык сектор өнөр жайды азыктандырып турган башат болуп эсептелет. Кыргызстанда мезгилдүү жана мезгилдүү эмес туруктуу – кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жетти. Президенттин тапшырмасы менен жылда 100дөгөн ишканалар ачылууда. Быйыл 119 ишкана ачылды. Анын ичинен  53%зы же жарымынан ашыгы айыл чарбасы жана кайра иштетүүгө байланышкан ишканалар болду”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Адылбек Касымалиев ошондой эле, Кыргызстандын суу чарбасында —ирригациялык тармактарды модернизациялоо жана техникалык жактан чыңдоого артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканына токтолду.

“2024-жылы ирригацияга 1 млрд сом бөлүнсө, 2025-жылдын 11 айында ал 1,7 млрд сомго жетти. Каналдарды тазалоо, куруу, цементтөө, бекемдөө, суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди салуу сыяктуу иштер активдүү жанданды. Айыл чарба министрлигиндеги суу менен байланышкан бардык кызматтар, сиздердин иштөө шартты оңдоо үчүн 2024–2025-жылдар аралыгында жалпысынан 286 атайын техника сатып алдык. Ал эми, бүгүнкү алган унааңыздар кут болсун”, — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта жана Асанбай кичи районунда базар баасынан арзан сатылган азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтүүдө. Мындай жарманкелер өлкөнүн бардык райондорунда ар бир дем алыш күндөрү уюштурулуп жатат, ал жай мезгилине чейин уланат.

Связанный пост