Айыл чарба министрлигинде 2 млрд 304 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

 Айыл чарба министрлигинде 2 млрд 304 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Айыл чарба министрлигинде каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталды.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигиндеги 2023-жылга карата бюджеттин шайкештик аудитинин жыйынтыгы боюнча дал келбестиктердин суммасы 2 миллиард 304 миллион сомдон ашкан.

Атап айтканда, аталган жылга бөлүнгөн бюджеттин жалпы көлөмү 10 миллиард 628 миллион сомду түзүп, анын 94,6% аткарылган. Максатсыз пайдаланылган каражаттар – 987,7 миллион сомду түзөт.

Каражаттарды бөлүштүрүүдө жана чыгымдоодо олуттуу кемчиликтер орун алып, анын ичинен 880,5 миллион сом максаттуу колдонулган эмес. Ошондой эле 106 миллион сом бюджеттик каражаттар мыйзамга каршы сарпталганы аныкталды.

”Аудиттин жыйынтыгында бул финансылык мыйзам бузуулар министрликтин ишмердүүлүгүндө олуттуу реформалар зарыл экенин айгинелеп турат. Бул кемчиликтерди жоюу жана бюджеттик тартипти күчөтүү максатында аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип берилмекчи” деп айтылат маалыматта.

Связанный пост