Айпери Медет кызы UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты

 Айпери Медет кызы UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунга чыкты.

Жыл ичинде Медет кызы эл аралык 5 мелдешке катышып, алардын ар биринде байгелүү орундарга ээ болду. Ал Иорданияда өткөн Азия чемпионатында жана Сауд Аравиясындагы Ислам оюндарында алтын медаль тагынды.

Мындан тышкары, анын куржунунда Сербиядагы дүйнө чемпионатынын жана Албаниядагы рейтингдик турнирдин күмүш байгелери, ошондой эле Венгриядагы эл аралык мелдештин коло медалы бар.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост