Айпери Медет кызы рейтингдик турнирдин чемпиону

Ушул күндөрү Бишкекте спорттук күрөш боюнча рейтингдик мелдеш болууда.

 

76 кг ченде Айпери Медет кызы кыл чайнашкан беттеште кытайлык Янюан Хонгду 5:3 эсебинде жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

 

Буга чейин, 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынса, 82 кг ченде Бексултан Назарбаев Кыргызстандын капчыгына кезектеги коло медалды салды.

Связанный пост