Аймактардагы шаарларга “Тулпар” картасын киргизүү пландалууда

 Аймактардагы шаарларга “Тулпар” картасын киргизүү пландалууда

Балыкчы, Нарын жана Чүй облусунун шаарларындагы коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда Кара-Балта шаарындагы коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Өлкөдө “Тулпар” картасын коомдук транспортто колдонуу аймагын кеңейтүү пландалып жатат. Биз азыр бир канча шаарлардын тиешелүү өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Мүмкүн кийинки жылдан баштап кээ бир шаарларда иштерди баштайбыз. Бул Балыкчы, Нарын шаары жана Чүй облусунун шаарлары. Мисалы, Кара-Балта шаарында “Тулпар” картасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер натыйжалуу болсо, бул багытта иштерди баштайбыз”,- деди Акматбеков.

Ошондой эле учурда Өзбекстандын Ташкент шаарында бул багыттагы өнөктөштөр менен интеграциялык иштер финалдык этапта экенин маалымдады.

“Менин оюмча кийинки жылы интеграция аяктаган соң, Ташкент жана Бишкек шаарларындагы коомдук транспорттордо жарандар “Тулпар” картасын бирдей колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралат”,- деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн “Тулпар” долбоорунун өкүлү тармакта 2025-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост