Агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4040 жеңилдетилген насыя берилди
Агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4040 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү.
Алар:
– «Айыл Банк» ААКна – 11,1 млрд сом;
– «РСК Банк» ААКна – 5,9 млрд сом.
Банктарга бөлүнгөн бул каржаттар агроөнөр жай ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн каралат.
2023-жылдын 20-октябрына карата 5,6 млрд сомго 4040 жеңилдетилген насыя берилди.