«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун каржылоосу 17 млрд сомду түздү

 «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун каржылоосу 17 млрд сомду түздү
«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады.

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун алкагында «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААКсы

Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча чараларды стимулдаштыруу, агрардык секторго колдоо көрсөтүү, КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 «Жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-р токтому менен кабыл алынган.
«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү, анын ичинен:
– «Айыл Банк» ААК – 11 100,0 млн сом;
– «РСК Банк» ААК – 5900,0 млн.сом.
Бул каражаттар банктарга айыл чарба ишкерлерине жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет.

Связанный пост