Адылбек Касымалиев Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлерине автоунаалардын ачкычын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин кызматкерлери үчүн 54 автоунааны тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

“Жаңы жылдын алдында сот аткаруучулар кызматы түзүлгөндөн бери биринчи жолу жаңы кызматтык унааларды алып жатат. Бул өлкөнүн материалдык-техникалык базасы чыңдалып жаткандыгынан кабар берет, ал эми материалдык-техникалык базанын жакшы болушу – бул күчтүү мамлекеттин белгиси экендигинин далили болуп саналат. Белгилей кетсек, мамлекеттик бюджеттин эсебинен 102 миллион 898 миң сомго 54 кызматтык унаа алынды. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникалар менен, ошондой эле келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайм!”, –. деди ал.

Адылбек Касымалиев ошондой эле, акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн бюджет дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Сот департаментине Кыргызстанда чыгарылган “Шевроле Трекер” унаалары алынган.

Связанный пост