Адылбек Касымалиев: Улуттук өнүктүрүү программасы жактырылгандан кийин президенттин кол коюсуна сунушталат

Ынтымак Ордодо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун кароо, үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштер боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында кеңейтилген кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөбүздүн өнүгүү жолун аныктап берген, мамлекеттик саясатты негиздөөчү, улуттук деңгээлдеги эң маанилүү стратегиялык документтин мазмуну жана негизги багыттары менен тааныштырды.

Мында 2030-жылга карата ИДПнын калктын жан башына көлөмүн 4500 долларга жеткирүү максаты коюлган. Ал эми 2024-жылга карата ИДПнын калктын жан башына көлөмү 2420 долларды түзгөн. Андан тышкары, Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорунда өлкөнүн айыл чарба, туризм, жашыл энергетика тармагындагы өнүгүү векторлору, руханий-адеп ахлактык, социалдык өнүгүү багыттары каралган.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө программада кабыл алууга татыктуу, мазмундуу жана конструктивдүү сунуштар эске алынгандыгын билдирди.

“Ар бириңиздер бир эмес, эки иреттен кылдат таанышып, терең анализ жүргүздүңүздөр. Коомдук талкуулардан да өттү. Натыйжада кабыл алууга татыктуу, мазмундуу жана конструктивдүү сунуштар эске алынды. Учурда Программанын акыркы редакциясы иштелип чыгып, карооңорго киргизилүүдө. Бүгүн бул программа жактырылгандан кийин тиешелүү жарлык менен президентибиз Садыр Жапаровдун кол коюусуна сунушталат”,- деди Касымалиев.

Кеңешменин жүрүүсүндө 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорунда индустралдаштыруу, регионалдык хаб, айыл чарба жана туризм ошондой эле жашыл энергетика тармагы болуп төрт өнүгүү векторлору аныкталгандыгы маалымдалды.

Эскерте кетсек, коомдук талкуулардан өтүп, терең изилденген программанын негизги миссиясы – жарандарыбызга татыктуу шарттарды түзүп, бакубатчылыгын жогорулатуу.

Связанный пост