Адылбек Касымалиев Нарында МИК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн жана көп кабаттуу турак-жайлардын курулушунан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунда “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мында “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасынын алкагында комплекстүү 2 гектар жерге 8 блоктон турган 200 батирлүү 5 кабаттуу үй курулууда. Батирлер турак-жайга муктаж жарандарга берилет.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын шаарында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы боюнча курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Жалпы 9 кабаттуу, 4 блоктон турган, 216 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу өткөн жылдын жазында башталган.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань Сити” көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушунун долбоору менен таанышты. Турак жай комплексин баштоого өткөн жылы капсула салынган болчу.

Жергиликтүү жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышып чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында иштери кызуу жүрүп жатканын жана бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

Связанный пост