Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча Аймактык директору менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча Аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар энергетика, бюджет, инвестиция жана социалдык өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна көңүл бурулуп, анда долбоорду мындан ары алга жылдыруу, аны каржылоо жана эл аралык донорлор тарабынан колдоо маселелери талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул стратегиялык маанилүү долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттардын аткарыларына ишенерин кошумчалады. Ал ошондой эле Дүйнөлүк банк менен мындан аркы жемиштүү кызматташууну айтып, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Вашингтондо (АКШ) өтө турган Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун “Жазгы” жолугушууларына катышуу пландарын билдирди.
Татьяна Проскурякова өз кезегинде Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү олуттуу жыйынтыктарды белгилеп, мындан беш жыл мурда “мындай жетишкендиктерди эч ким элестете алган эмес” деп белгиледи. Ал ошондой эле кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жигердүү иштерге токтолуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун илгерилетүүдөгү таасирдүү ийгиликтерди белгиледи.
Мындан тышкары, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору эл аралык каржы институттары үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын кошумчалады, муну жакында эле Брюсселде (Бельгия) донорлор менен болгон жолугушуусу тастыктарын, анда алар бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалагандыктарын билдиришкенин айтты.
Жыйынтыгында тараптар пландалган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн диалогду улантуу жана аракеттерди координациялоо зарылчылыгы тууралуу макулдашты. Алар ар кандай тармактагы эксперттердин деңгээлинде үзгүлтүксүз жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүүнү да макулдашышты.