АЧК-11 долбоорунун негизинде 3,26 млрд сом кредит берилди
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы
№72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда,
кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө.
2023-жылдын 14-сентябрына карата Долбоордун алкагында республиканын 7 274 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 266,6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөө көлөмү 3,3 млрд сом.