Абактарда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү азайды
Жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакаталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан абактарда баңги, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Прокуратурадан билдиришкендей, абактарда баңгизаттардын жайылышы коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруп, соттолгондордун кайра тарбиялануу процессине тоскоолдук кылат. Ошондой эле бул жагдай мекеме ичиндеги кылмыштуулуктун өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.
Прокурордук көзөмөлдүн жүрүшүндө аныкталгандай, тыюу салынган заттарды абакка киргизүүнүн негизги ыкмасы — соттолгондордун жакындары тарабынан алып келинген тамак-аш азыктарына жана буюм-тайымдарга жашырып өткөрүү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, прокуратура тарабынан төмөнкүдөй комплекстүү иш-чаралар күчөтүлдү:
- Баңгизаттардын мыйзамсыз киргизилишин, сакталышын жана жайылтылышын алдын алуу;
- Жазык-аткаруу мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылуу;
- Кызматкерлер жана соттолгондор арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Баңгизаттардын зыяндуулугу жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүү.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жазык-аткаруу мекемелеринде баңги заттарга байланыштуу кылмыштардын динамикасы бир кыйла төмөндөдү. Бул багыттагы иштер туруктуу жана катуу көзөмөлдө улантылмакчы.