А. Касымалиев Ысык-Көл облусунда бир катар объекттердин курулушунун жүрүшүнөн кабар алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарында бир катар объекттерде жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды.

Алгач Каракол шаарынын саркынды суусун тазалоочу курулмаларынын курулушу жүрүп жаткан жерге барды. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, азыркы учурга карата – демонтаждоо иштери аяктап, жаңы курулмалар үчүн жер казуу иштери жүргүзүлдү, кампа, административдик имарат жана күзөт жайы курулуп, аймагы тосмо менен курчалып, зарыл болгон жабдуулар орнотулду. Курулуш иштерин толук аяктоо мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын күз айлары.

Андан соң, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев шаардагы жаңы конгрес-холлдун курулуш иштери менен таанышты. Жалпы 1500 орундуу конгрес-холл – чоң зал, кошумча зал, конференц-зал жана китепканадан турат. Иштин жүрүшү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан аткарылууда.

Мындан тышкары, Каракол шаарынын жаңы спорт комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Аянты 12 гектар жерге курулуп жаткан көп функцияналдуу спорт комплекси жалпы 5000 орунга ылайыкташууда, ошондой эле олимпиадалык стандарттагы бассейн, 200 орундуу мейманкана жана 275 орундуу спорт интернаты кирет.

Белгилей кетсек, Караколдо бүгүн 100 миңге жакын адам жашайт. Өткөн жылы шаар 300 миңге жакын туристти кабыл алган, бул шаар калкынан дээрлик үч эсеге көп. Ошол себептүү акыркы жылдары шаарда жолдор жаңыланып, жаңы турак жайлар курулуп, суу жана канализация системалары өнүктүрүлүп, туристтик жана транспорттук инфраструктура жаңы деңгээлге чыгып жатат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккандан кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана шаардык мэрияга бир катар тапшырмаларды берди. МинКаб Төрагасы курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле объекттерди ишке киргизүүдөгү мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын белгиледи.

Связанный пост