Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Министрлер кабинетинин төрагасын Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү коштоп жүрдү.

Гүлчамбар коюлгандан кийин курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди.

Александр бакчасында Кремлдин дубалынын жанында жайгашкан Мемориалдык архитектуралык ансамбль 1967-жылы курулган.

Связанный пост