Кыргызстанда дан өсүмдүктөрү былтыркыга салыштырмалуу 167,3 миң тоннага көп жыйналды

 Кыргызстанда дан өсүмдүктөрү былтыркыга салыштырмалуу 167,3 миң тоннага көп жыйналды

2024-жылдын 21-октябрына карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 616,1 миң гектар, же 92,2 % аянтта жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 104,3 миң гектарга көп.

Буудай 235,9 миң га аянтта (98,1%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 44,8 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 30,2 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,5 ц/га жогору. Дүң жыйым 712,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 239,5 миң тоннага көп.

Арпа 242,7 миң га аянтта (96,8 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 26,0 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га жогору. Дүң жыйым 631,5 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 191,9 миң тоннага көп болду.

Жүгөрү (дандык) жалпы 81,3 миң га аянтта (73,9 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 69,3 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 ц/га көп. Дүң жыйым 563,1 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 72,7 миң тоннага жогору.

Чанактуулар жалпы 49,1 миң га аянтта (92,3 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,6 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 ц/га көп. Дүң жыйым 71,7 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 9,8 миң тоннага жогору.

Картошканын 50,2 миң га (75,6 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 170,9 ц/га болду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 ц/га жогору. Дүң жыйым 858 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 19,5 миң тоннага көп болду.

Жалпы жашылчанын жыйымы 1 379,5 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 167,3 миң тоннага көп болду. Бахча өсүмдүктөрүнүн жалпы жыйымы 333,6 миң тоннаны түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90,6 миң тоннага жогору.

Май өсүмдүктөрү 12,3 миң гектар аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк гектарына 11 центнерди түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,8 миң гектарга көп. Жалпы жыйым 13,5 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 миң тоннага жогору.

Кант кызылчасы 7,9 миң гектар аянттан жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 614,6 центнерди түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчүнөн 142,4 центнерге жогору. Жалпы жыйым 488,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 167 миң тоннага көп болууда. Быйыл бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болууда.

Связанный пост