Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт

 Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт.

 

“Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча метеорологиялык болжолдоонун жана абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан тарта баштоо чечимин кабыл алды.

 

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.

 

Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат:

 

– биринчи кезекте – оорукана, бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери;

– экинчи кезекте – турак жайлар, өнөр жай ишканалары жана мекемелерге берилет.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост