Республика боюнча 402 миң абонент газга кошулду

 Республика боюнча 402 миң абонент газга кошулду

Республика боюнча бүгүнкү күндө 402 миң абонент газга кошулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында маалым болду.

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата жаратылыш газын пайдалануунун көлөмү 303 млн куб метрди түздү.

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Бишкек шаары жана Чүй облусунун калктуу конуштарына газ түтүктөрүн тартуу иштери кызуу жүрүп, электр энергиясына болгон жүктүү азайтууга альтернатива катары каралууда.

 

“Мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнүп, газды үйгө тартып киргизүү үчүн Бишкек жана Чүй облусунда элге банктар аркылуу жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында насыялар берилүүдө. Каржылоонун жалпы суммасы 19,4 миллион сомду түздү. Насыя 24 айга чейин 8 пайыздан берилүүдө”, – деди ал.

 

Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө “Газпром” ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, 2024-жылга жаратылыш газын берүүнүн болжолдуу көлөмү 500 млн куб метр экендиги маалымдалды.

 

Белгиленгендей, өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 2023-жылы 38 пайыз болсо, 2024-жылдын жарым жылдыгында 40 пайызга жетти. 2024-жылы 5 конушту – Новопавловка, Бакай-Ата, Новопокровка, Төкөлдөш жана Ак-Босого конуштарын газдаштыруу пландаштырылган. Ал эми иш жүзүндө 2024-жылдын 1-октябрына карата 4 конуш газдаштырылып, 13 454 абонент газга кошулду.

Связанный пост