Кыргызстанда Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти түзүлдү

 Кыргызстанда Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти түзүлдү

КР министрлер кабинетинин “Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору” мекемесинин аталышы Билим берүү министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү.

 

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, Шамшидинова Бактыгүл Сабыржановна жаны түзүлгөн департаменттин директору болуп дайындалды.

 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Ошондой эле аталган токтом менен Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо жана Кыргызстанда формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби бекитилди.

Связанный пост