Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62% өстү

 Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62% өстү

Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62%га өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлеринин 13-жыйынында билдирди.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, министр мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн жогорулашы чоң жетишкендик экендигин белгиледи.

 

“Бул иш-чара түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана экономикалык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди министр.

 

Жыйынга Данияр Амангелдиев төрагалык кылды. Анда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоору талкууланып, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча чоң үмүттөр айтылды. Ошондой эле иш-чарада жашыл экономиканын өнүгүшү да күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири болуп, инвестицияларды тартуунун мааниси белгиленди.

 

Мындан тышкары, бүгүн экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 15-жыйыны да болуп өттү.

Связанный пост