Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фарбрикасы курулат

Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фарбрикасы курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана тишелүү министрликтердин жетекчилери, мамлекеттик жергиликтүү органдардын башчылары менен бодо малдын терисин кайра иштетүү заводун жана бут кийим фабрикасын куруу маселесин талкуулаган көчмө жыйын өткөрдү.

 

Натыйжада терини кайра иштеткен заводду куруу, компанияларды жайгаштыруу боюнча жер аныкталып, жерди трансформация кылуу, суу, электр энергиясын киргизүү, саркынды сууларды чыпкалап-тазалоочу курулмаларын куруу, жол салуу боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

 

Жер участогунун болжолдуу өлчөмү 20 гектарды түзөт. Анын ичинде өндүрүштүк кластер үчүн – 9 гектар, бут кийим фабрикасын куруу үчүн 1 гектар бөлүнөт.

 

Жаңы курула турган булгары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4 миң тонна терини кайра иштетүүгө, бут кийим фабрикасы күнүнө 1 миң жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жумуш орунун камсыз кылат.

 

Мындай заманбап технология менен курула турган терини кайра иштетүүчү булгары завод, бут кийим фабрикасы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылып жатат.

Связанный пост