Төө-Ашууда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп, тыгын жөнгө салынууда

 Төө-Ашууда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп, тыгын жөнгө салынууда

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жол тыгыны жөнгө салынып, унаалар Ош тараптан борбор калааны көздөй өткөрүлүүдө.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка жана Арал постторунда унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек.

 

Министрликке караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы жолду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.

 

“Жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү максатында министрдин тапшырмасы менен биринчи орун басар Талантбек Солтобаев баштаган тиешелүү жетекчилерден куралган топ жерине барып, кошумча техникалар жана жумушчу күчтөр тартылганын белгилейбиз”, – деп айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы жол тыгынды жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жук ташуучу унаалар жараткан. Ошондой эле каршы тилкеге чыккан транспорт каражаттары жолчулардын ишине бир топ тоскоолдуктарды алып келди.

 

Мындан улам Транспорт министрлиги зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат. Ошондой эле аба ырайын эске алуу менен ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну суранат.

 

Белгилей кетсек, учурда Бишкек – Ош унаа жолу толугу менен жабык.

Связанный пост