Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түндүк Кореяны жеңди

 Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түндүк Кореяны жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түндүк Кореянын командасын 1:0 эсебинде жеңди.

 

2026-жылы өтчү Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын үчүнчү туру бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алды.

 

Оюн кечки саат 20:00 башталып, алгачкы жана жалгыз голду Кыргызстан курамасынын оюнчусу Христиан Браузман оюндун 10-минутасында киргизди.

 

Эске салсак, ар бир топтогу эки мыкты команда Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турунун кийинки баскычына өтөт.

Связанный пост