Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстанндагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Башчысы Хью Ридделдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары, атап айтканда өлкө үчүн стратегиялык маанилүү Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору талкууланды.

МинКаб Төрагасы бул долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Камбар-Ата ГЭС-1 республикалык гана эмес, аймактык энергетика системасын өнүктүрүүгө чоң салым болуп, туруктуу өсүш алып келет.

Өз кезегинде Хью Риддел долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо процессинде жетишилген прогресс жана позитивдүү тенденциялар тууралуу маалымат берип, Дүйнөлүк банктын аны ишке ашырууга жигердүү катышуусун улантууга даяр экендигин ырастады.

Ошондой эле маалымат алмашуу үчүн атайын аянтча түзүлүп, бул долбоордун жүрүшүнө реалдуу көз салууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.

Тараптар Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ийгиликтүү жылдыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууга жана бардык зарыл маселелерди чечүүнү тездетүүгө макулдашышты.

Связанный пост