Акылбек Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту

Акылбек Жапаров “Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болгон Венгрия менен саясий диалогду жана ар тараптуу кызматташууну чыңдоого дайым өзгөчө маани берип келгенин жана берээрин” белгиледи.

 

Ал жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды, атап айтканда президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы Венгрияга болгон жумуш сапарын айтып, алар саясий диалогду бекемдөөдө маанилүү кадам болгонун белгиледи.

 

Минкаб төрагасы ошондой эле Венгрияга түрдүү эл аралык платформаларда, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Дебрецен шаарындагы BMW автоунаа чыгаруучу заводуна жана Hortobágy Angus эт фермасына баргандагы таасирлери менен бөлүшүп, Венгриянын автомобиль өнөр жайындагы жана айыл чарбасындагы жетишкендиктерин жогору баалады.

 

Өз кезегинде Виктор Орбан венгр-кыргыз көп кырдуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

 

Мындан тышкары, тараптар жогорку жана бийик деңгээлдеги боло турган байланыштардын графигин талкуулашты.

Связанный пост