Нурланбек Шакиев Тажикстанда парламенттер аралык конференцияга катышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

 

Жыйынды Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали ачып, иш-чаранын максаты тууралуу баяндама жасады. Андан соң жыйынга чакырылган делегация башчыларына сөз берилди.

 

Өз кезегинде коңшу тажик элин жана парламентин маанилүү маарекеси менен куттуктаган төрага Нурланбек Шакиев: “Мындан туура 30 жыл мурун жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган Конституция эгемен Тажикстанга негизги жол чырак катары кызмат кылып, коңшу өлкөнүн келечегин аныктоого көмөкчү болгону анык”, – деди.

 

Муну менен катар мамлекеттер аралык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага: “Эки өлкөнүн президенттери тарабынан жетишилген натыйжаларга таянуу аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандын байланышын бекемдешибиз керек. Алсак, көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан кыргыз-тажик чек ара маселесин тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыкдар экендигибизди президент Садыр Жапаров да ар дайым баса белгилеп келет”, – деди.

 

Ошондой эле акыркы эки жыл аралыгында өлкө жетекчилеринин жана тиешелүү мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүнүн ортосунда ондон ашуун жолугушуу өткөрүлгөнүн белгилеген Нурланбек Шакиев: “Байланыштарды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын да салымы чоң. Андыктан, жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоо багытында эл өкүлдөрү жигердүү иш алып баруубуз кажет”, – деп кошумчалады.

Сөзүнүн аягында мамлекеттин жана анын элинин жыргалчылыгы көбүнесе жетекчилеринин акылмандыгына жана көрөгөчтүгүнө көз каранды экенин айткан Төрага башчылардын ынак байланышы алакаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

 

Эскерте кетсек, эл аралык конференцияга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Иран жана Пакистан мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилери катышты.

Связанный пост