Нурланбек Шакиев иш сапары менен Дүйшөмбү шаарына келди

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага баштаган делегацияны Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Ватанзода Махмадали Махмадулло тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышат. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Связанный пост