Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды
Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды.
Майрамдык концерт саат 19:00дө башталып, ага 20 миңге жакын шаар тургундары жана коноктору күбө болушту.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар күнү менен жалпы келген конокторду, шаар тургундарын майрам менен куттуктады.
Гала-концертте Өзбекстандын белгилүү ырчысы Озода Нурсаидова, Керим Турапов, Гулжигит Сатыбеков, Эрлан Андашев, Нурлан Насип, Фриман жана башка кыргыз эстрада жылдыздары майрамдык маанай тартуулашты.
Майрамдык салтанатта фейрверк атылып, жаштарга бий кече уюштурулду.