Шамалды-Сайда көмүр брикеттөөчү завод ачылды

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында көмүр брикеттөөчү завод ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты.

 

Завод толугу менен автоматташтырылган. Мында саатына 12 тоннадан 32 тоннага чейин көмүр брикетин чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ишкана “Ак-Марал АРК” ЖЧК тарабынан ачылып, 20га жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

 

Облус башчысы жергиликтүү тургундарды жаңы заводдун ачылышы менен куттуктады.

 

Мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүлгөн көмүр брикет толугу менен мамлекеттик стандарт талаптарына жооп берип, жарандардын ден соолугун жана экологиянын сакталышына салым кошоорун белгиледи.

Связанный пост