Кыргызстанда бир жумада 188 мас айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада 188 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 30-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 51 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 509;

мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 188;

авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 46;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 599;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 328;

авто ээнбаштык – 11;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 миң 748;

жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 600;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 834 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

Связанный пост