Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун Үчүнчү саммитине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген делегациясы Катар мамлекетинин Доха шаарында “Спорт дипломатиясы” урааны астында өтүп жаткан Азиядагы Диалогдук Кызматташтык Уюмунун (ДКА) Үчүнчү Саммитине катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө спорт дипломатиянын маанилүү куралы катары Азия континентинде кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүгүүгө салым кошуусу керектигин белгиледи. Бул контекстте ал Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленип, 2014-жылы дүйнөдө биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө басым жасап, анын миссиясы этномаданий оюндар аркылуу ар түрдүү элдердин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо образын жандандыруу жана сактоо экенин белгиледи.

Учурдан пайдаланып, кыргыз делегациясынын башчысы саммиттин катышуучуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган ДКОго активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын делегация башчысы Кыргыз Республикасынын эл аралык тоо жана климаттык демилгелерине, атап айтканда “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерге”, “Бишкек+25” 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган Экинчи Тоо саммитине токтолуп, катышуучу-өлкөлөрдү бул иш чараларга активдүү катышууга чакырды.

Эдил Байсалов белгилегендей, регионалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларды жана гуманитардык кризисти жана Израилдин Түштүк Ливанга жасаган чабуулун абдан тынчсыздануу менен байкап жатат.

Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотууну жактайт жана жарандарды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө жана БУУнун резолюцияларына ылайык Палестина-Израиль чатагын тынчтык жолу менен чечүү үчүн “Эки эл үчүн эки мамлекет” принцибинде саясий диалогду баштоого чакырат.

Связанный пост