Чүй облусунун унаа жолдоруна 50,5 км асфальт төшөлдү

Чүй облусунун унаа жолдоруна 50,5 км асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы маалымдады.

 

“Кыргызавтожол-Түндүк” МИ тарабынан Чүй облусундагы төмөндөгү унаа жолдордо асфальт төшөө иштери аяктаган:

 

▫️Эркин-Сай-Букара-Кум-Арык – 3 км

▫️Киркомстром-Жал-Аламедин – 6 км

▫️Аламедин-Мыкан-Дачный – 3 км

▫️Романовка-Камышановка – 3 км

▫️Манас-Камышановка – 3 км

▫️Чүй көпүрөсү-Бейшеке-Боролдой – 3 км

▫️Новониколаевка-Кара-Суу – 3 км

▫️Кара-Балта-Моңолдор – 3 км

▫️Токмок-Прогресс-Кайырма – 3 км

▫️Сокулук-Белогорка – 3 км

▫️Кош-Коргон-Токмок – 1 км

▫️Кой-Таш-Узун-Кыр (ОЦ Теплые ключи) – 1,3 км

▫️Красная-Речка-Ысык-Ата – 3 км

▫️Кемин р-ну, Кара-Булак-Бейшеке – 2,7 км

▫️Новониколаевка-кара-Суу (Кара-Суу айылы) – 1,8 км

▫️ГОВД Токмок – 1478 м2

▫️Сокулук р-н Шалта айылында тротуар төшөө – 1,5 км

▫️Аламүдүн р-н Көчөк, Ала-Арча жана Арчалы көчөлөрүнө жалпысы – 3,07 км

▫️Сокулук-Жаламыш-МТФ – 3 км

▫️Мааке көчөсү – 0,9 км

▫️Ак-Жол пункту, №1 Резиденциясы жана Кант ш. авиабазасында асфальт төшөө иштери аткарылган.

 

Өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштери активдүү жүрүүдө. Чүй облусу боюнча бүгүнкү күндө төмөндөгү иштер аткарылууда:

📌Байтик-Арчалы-Жал унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө.

📌Сокулук р-н Шалта айылына баруучу жолдо бордюрлар төшөлүүдө.

📌Байтик айылындагы Сүйүмбаев көчөсүндө, Токмок ш. Киров көчөсүндө, Ала-Арча көрүстөнүнө баруучу жолунда, Алмата-Атинская-Махатма-Ганди, Туз-Интернациональное-Жар-Башы, Сокулук-Белогорка, Кант-Чүй-көпүрөсү, Бишкек-Чалдовар унаа жолдорунда асфальт төшөөгө даярдык иштери, жер жумуштары уланууда!

 

🖇️ Көпүрөлөр боюнча маалымат:

Азыркы учурда Чүй облусу боюнча 2 көпүрөдө иштер жүрүп жатат.

 

▪️Беловодск айылындагы №16 түзөтүү колониясында көпүрө курулуп жатат.

Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү 3+40 чакырымындагы көпүрөнү жана ИК-16га баруучу жолду, узундугу 650 м капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө көпүрөнүн свайларын орнотуу жумуштары аяктап, көпүрөнүн балкаларын орнотуу иштери аткарылып жатат. Азыркы учурда 15 балканын 10 балкасы орнотулуп бүттү. Жакынкы аралыкта асфальт төшөө иштерин баштаганга даярдык көрүлүп жатат.

 

▪️Заречное айылындагы Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Чүй облусундагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунда Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү куруу иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизин салуудагы казуу иштери толугу менен аяктады. Көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн бири толугу менен бүтүп, экинчисин орнотууга бетон аралашмасы куюлуп жатат. Бетон аралашмасы куюлуп бүткөн соң, курулушка керектүү арматуралар орнотулат. Азыркы учурда балкаларды орнотуу үчүн, астына ригил куюлууда.

Маалымат иретинде айта кетсек, көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2024-жылдын 24-июлунан тарта №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан убактылуу көпүрө салынып, автоунаалар үчүн каттам камсыз болгон. Учурда ушул убактылуу көпүрө аркылуу автотранспорт каттап жатат. Аталган көпүрө ушул жылдын аягына чейин бүтүп, каттам берилет.

Связанный пост