Талас облусунда Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштады

 Талас облусунда Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштады

Бүгүн Талас облусунда Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштады.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жыл сайын Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында 3 миңге жакын фермер кант кызылчасын өстүрөт. Быйыл 13,5 миң гектарга эгилген кызылчанын түшүмдүүлүгү 666,6 центнер/га болуп, жалпы 900 миң тонна дүң түшүм алынары күтүлүүдө. Бул түшүмдөн 110 миң тонна ак кант өндүрүү пландалууда.

 

Кант заводдору фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн Германиянын жана Франциянын компанияларынан үрөн алып келип сатууда.

 

2024-жылдын февраль-март айларында Чүй облусунда кант кызылчасын өстүргөн дыйкан-фермерлер менен “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коому ортосунда кызылчаны кабыл алуу пункттарына тапшыруу боюнча келишим түзүлгөн.

 

Ага ылайык, кант кызылчасын ГОСТ 33884-2016 талаптарына жооп берисүүнө, айрыкча канттуулугу 14%дан кем болбошуна өзгөчө көңүл бурулган. Маселен, кант кызылчасы белгиленген талаптарга жооп бербесе, кабыл алууда айыптык санкциялар колдонулат.

 

“Кайыңды-Кант” жана “Кошой” ишканалары тарабынан Чүй облусунда 1,6 миң гектардан түшүм жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 695 центнер/гектарды түзүп, жалпы 111,2 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынды:

 

– 13-сентябрдан баштап Чүй-Токмок, Ивановка, Беловодск жана Кайыңдыда 66 миң 466 тонна кызылча кабыл алынган.

– 20-сентябрдантартып Кемин, Кант жана Сокулук кабыл алуу пункттарында 44,732 тонна кызылча кабыл алынган.

Связанный пост