“Евразия” Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берет

 “Евразия” Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берет

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Евразия” АНО кеңешинин төрагасы Алена Аршинова билдирди.

Анын айтымында, келишимдин алкагында “Евразия” буга чейин республикага эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган 50 мектеп автобусун берген.

“Жакында биз алыскы аймактардагы балдар үчүн дагы 50 автобус беребиз. Жалпысынан Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн 100 мектеп автобусу болот. Алыскы райондордон келген балдар өздөрүнүн билим берүү мекемелерине ыңгайлуу бара алышат. Мектеп автобустары “Евразиялык лицей” программасынын алкагында сатып алынган”, – деди ал.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост