Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында аяктоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

Деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынып жаткан объектинин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги 14 метр. Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт.

 

Бүгүнкү күндө тоннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери аяктоодо. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Порталдын дубалдарын жасалгалоо иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрдө жол сызыгын чийүү иштерин баштоо пландалууда.

 

Тоннелге кире берген жерде асфальт төшөө иштери дээрлик бүттү (60 м калды) жана тоннелдин ичиндеги 10 кеңейтилген жери калды (узуну 53 м туурасы 2,75 м жалпы 10 кеңейтилген жерди алганда 530 м ). Кар көчкү жүрүү коркунучу бар 5 участок убактылуу жолдогу 5 сел өтүүчү өтмөктүн 4үн бетондоо аяктады. Конструкциялардын четтерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Тоннелге жакындаган жерлерге парапет орнотуу иштери башталды. Курулуш иштеринин жана материалдардын сапаты техникалык шарттарга ылайык “Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ консультанты тарабынан көзөмөлдөнөт.

 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун жалпы узундугу 433 чакырым, эки эстакадалык көпүрө, бир тоннель каралган.

Связанный пост