Ноокатта 1,2 млрд сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды

 Ноокатта 1,2 млрд сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлк жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 381,74 га жер аянты мамлекетке кайтарылды.

 

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүдө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Ноокат районунун Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан Улуу-Тоо кенине караштуу жерин пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге, менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен “Р.У.Т.” ЖАКтын менчигине өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде пайдалуу кен-байлыктарды камтыган 381,74 га жер тилкеси 1 морд 246 млн 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына алынды.

Связанный пост