Чүйдө 12 жыл мурун курулуп башталган мектеп быйыл бүткөрүлөт

Чүйдө 12 жыл мурун курулуп башталган мектеп быйыл бүткөрүлөт.

 

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы курулуп жаткан 750 орундуу мектепти текшерди.

 

Объекттин курулуш иштери 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган. Бүгүнкү күндө инженердик коммуникацияларын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин, курулуш иштери жандынып уланууда.

 

Буга чейин дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп, чатыры жабылган. Учурда имараттын ички курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө. Быйыл жыл аягына чейин мектептин курулуштун толук бүткөрүү пландалып жатат.

Связанный пост