Ысык-Көлдүн Темир айылынын тургундары көчүрүлөт

 Ысык-Көлдүн Темир айылынын тургундары көчүрүлөт

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жапа чеккен Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган.

 

Токтом долбоору КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыкты.

 

Министрлер кабинетинин башка чечими менен Түп районундагы Балбай айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси «Запастагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер» категориясына өзгөртүлдү

 

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарынын аймагында лыжа комплексин куруу үчүн кабыл алынган.

Связанный пост