Бакыт Төрөбаев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтүндөй Борбор Азия үчүн ачылыш болуп саналат

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин чет элдик капиталды пайдалануу жана чет өлкөлөрдө инвестицияларды камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа менен жолугушту.

 

«Биз жана кытайлык өнөктөштөр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору кезектеги инфраструктуралык долбоор эмес, бүтүндөй аймактын экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы горизонтторду ача турган стратегиялык кадам экенине бекем ишенебиз.” – деп баса белгиледи Бакыт Төрөбаев.

 

Тараптар долбоорду ишке ашыруунун негизги маселелерин кеңири талкуулап, бул транспорттук убакытты жана чыгымдарды кыскартуу менен чектелбестен, Кытайдын Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган “Бир алкак, бир жол” глобалдык демилгесинин маанилүү элементи болоорун белгилешти.

 

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтүндөй Борбор Азия үчүн ачылыш болуп саналат. Ал сооданын өсүшүнө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле аймактын калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт”, – деди Бакыт Төрөбаев.

 

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде бул долбоорду илгерилетүү боюнча кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Андан кийин, 2024-жылдын 26-июлунда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧК биргелешкен долбоордук компаниясы катталып, бул пландарды ишке ашырууда маанилүү кадам болуп калды.

 

«Мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык инвестиция гана эмес, бардык кызыкдар тараптардын тыгыз кызматташуусу керек экенин түшүнөбүз. Ар бир катышуучу өлкө бул процесске катышып жатканын сезип, жалпы ишке өз салымын кошо алышы маанилүү. Биз инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана долбоордун бардык этаптарында ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иш алып барууга даярбыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Связанный пост