Транспорт министри: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор

 Транспорт министри: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор. Ал эми 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде “Бедел” өткөрүү пунктунун ачылышы эки өлкөнү байланыштырган үчүнчү транспорттук коридор”,-деди Сыргабаев.

 

Министр ошондой эле транспорттун экологиялык түрлөрүн ыңгайлаштыруу жана ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.

 

“Бул автомобиль жана темир жол транспортуна да тиешелүү”,-деди ал.

 

Министр сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан транспорт – логистика тармагында кызматташууну өнүктүрө турганын айтты.

Связанный пост