Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

 Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

26-27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5°ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Связанный пост