Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат

 Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат

Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлер өлкө боюнча бир тизмеге катталат. Талапкерлер баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” төлөөсү керек. Андан соң муфтияттын облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына баштапкы 2 миң АКШ доллардын квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса, “Элдик банкка” акча төгүү мөөнөтү токтотулат.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыяраты үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү. Учурда муфтиятта ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, иш алып бара баштады.

Связанный пост