Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 495,7 млн сом сарпталат

 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 495,7 млн сом сарпталат

Кыргызстанда 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоого 495 млн 718 миң сом коротулат. Анын 201 млн 880,6 миң сому шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ жана башка борборлоштурулган чыгашаларга кетет.

Ал эми 293 млн 837,8 миң сому 56 аймактык шайлоо комиссияларынын жана 2439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга жумшалат.

23-сентябрга карата алдын ала маалыматтар боюнча республикада 4 млн 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120,46 сомду түздү.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн 56 аймактык шайлоо комиссияларына – 674 адам, 2439 участкалык комиссияларга – 30715 адам, АЭУ операторлору – 1031 адам, техникалык колдоо топторунун адистери – 600 адам, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден – 4490 адам тартылат.

Белгиленгендей, шайлоону каржылоодо айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздоо максатында “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонулат жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана АШК, УШКларда ишке тартылган кызматкерлерди финансылык жактан камсыз кылуу накталай эмес формада бекитилген смета боюнча “РСК Банк” жана “Айыл Банк” аркылуу жүзөгө ашырылат.

Связанный пост