Минкаб зордук-зомбулук, кыйноону жана жазаны медициналык документациялоонун эрежесин бекитти

 Минкаб зордук-зомбулук, кыйноону жана жазаны медициналык документациялоонун эрежесин бекитти

Министрлер кабинети зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазаны медициналык документациялоонун эрежелерин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документ Кыргыз Республикасы тарабынан Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге, жазага каршы Конвенцияны ишке ашыруу жана кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн натыйжалуу иликтөөнүн жана документтештирүүнүн принциптерин киргизүү максатында кабыл алынган (БУУнун Башкы Ассамблеянын резолюциясы 2001-жылдын 22-фералындагы 55/89 резолюциясына тиркеме).

Связанный пост