Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды.

УКМКнын маалыматына ылайык, «Кылмыштардын бириктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган тергөө материалдарынын алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик балансына болжолдуу наркы 681 млн.сомдон ашкан курулуштары менен, 36 106 чарчы метр (3,61 га) аянттагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды.

Мындан тышкары, тиешелүү иштердин алкагында Кызыл-Кыя шаарынын аймагында аянты 3,5 га жер участогу белгиленген салыкты төлөөдөн качуу максатында укукту күбөлөндүрүүчү документти алууда чектеш аймактарга ээлик кылган жеке адам тарабынан мамлекеттик актыга киргизилген эмес. Андыктан баасы 280 млн. сом болгон жогорудагы жер тилкеси да Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.

КР УКМК мониторингди улантып, мыйзам бузуу менен менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин балансына кайтарып берүүнү улантат.

Связанный пост