Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот

“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунунЖети-Өгүз жана Тоң райондорунун 45 миң тургуну таза суу менен камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

 

Суу ресурстары, айыл чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаева айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү сууменен камсыз болот.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ысык-Көл облусундарындагы 31 айылды камтыйт. Аны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылат.

Долбоордун максаттары:

* Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу кызматтарына калктын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

* Жергиликтүү жана улуттук деңгээлде суу ресурстарын башкаруунун институционалдык потенциалын чыңдоо.

 

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Негизги иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:

* 5 скважина куруу.

* Ичүүчү сууну зыянсыздандыруучу эки станцияны орнотуу.

* Суу топтоочу жайды куруу жана санитардык коргоонун 3 зонасын түзүү.

* 445 суу кудуктарын орнотуу.

* Өткөрүү пункттары менен үч дарбазаны куруу.

 

2024-жылдын биринчи жарымжылдыгынын аягына карата төмөнкү курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде узундугу 1400 м болгон суу өткөргүчүн орнотуу жана жалпы узундугу 28 941 м болгон суу түтүк тармагын төшөө иштери жүргүзүлдү.

 

Подряддык уюмдардын иши техникалык көзөмөл боюнча инженерлердин жана атайын кызматкерлердин тарабынан көзөмөлүндө ишке ашырылат.

Связанный пост