Ысык-Көл районунда селден жабыркаган объектилер калыбына келтирилүүдө

Ысык-Көл районунда селден жабыркаган объектилер калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан калыбына келтирүү боюнча жумуштар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

 

Тактап айтканда, Садыр аке айыл аймагындагы “Кумбель” чарба аралык каналынын бир чакырымга жакын аралыгына кум шагыл толуп калган, учурда атайын техника тартылып, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылууда. Учурда 7,2 миң метр аралыгы тазаланды. Ошол эле айыл өкмөттөгү селден жабыркаган “2-Западный”, “3-Восточный” каналдары калыбына келтирилди.

 

Ал эми Абдрахман айыл аймагында жайгашкан башкармалыктын карамагындагы “5-Восточный”, “2-Восточный”, 2-Западный” каналдары райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кум-шагылдан тазалып,, сугат суу берилүүдө. Башкармалыкка тиешелүү 6 канал, 1 гидропост жабыркаган. Жалпысынан бир жарым чакырымдан ашык аралыктагы канал арыктарга кум-шагыл, шилендилер толуп, бүгүнкү күндө 8 миң 150 м аралыгы тазаланып, кабылына келтирүү иштери уланууда.

Связанный пост